Артыкбаев: Мен дайындалганга чейин эле ТЭЦтеги сүйлөшүү бүткөн
Бишкек ТЭЦин жаңылоодо техникалык жана каржылык параметрлерге “Электр станциялары” ачык акционердик коому жооп берген. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештеги жыйында экс-Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев маалымдады.
Учурда Бишкек ТЭЦинде болгон авария жана аны модернизациялоо иштери боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынтыгы тууралуу маалыматты угуп жатышат.
Депутаттардын суроолоруна жооп берген Артыкбаев Энергетика министрлиги сүйлөшүү саясатына гана жоопкер болгонун баса белгиледи.
Ал өзү аталган кызматка дайындалганга чейин эле ТВЕА менен ТЭЦи жаңылоо колдоо тапканын кошумчалады.
“Министрлик тапшырмага ылайык жаңылоону карап чыкты. Ошондой эле президенттин аппаратынын позициясы менен Кытайдын министрлигинин нотасы эске алынды. Жетекчилик макулдук бергенден соң ведомстволор аралык комиссия бул компанияны алып келүү тууралуу маселени караган. Бул каттын негизинде Артыкбаев өкмөт башчыга кайрылган, андан соң өкмөттөн токтом даярдашты. Баары процедурага ылайык жүргүзүлдү”,-деп айтты экс-энергетика министри.
Ссылка: https://barometr.kg/content14508
Добавить комментарий ×