16-май: мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт

16 мая 2018 07:40 494 Barometr
Поделиться в:
ok

16-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;

Нарын дубанында түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24;

Баткен облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;

Ош облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;

Ал эми Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +21…+23.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14488



Добавить комментарий