Кыз-келиндер үчүн жигиттердин сырткы келбети канчалык маанилүү?

18 июль 2025 09:45 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бул тууралуу канчалаган пикирлер бар. Көпчүлүк сырткы келбеттине маани бербесин, башкысы жан дүйнөсү тазаболсо жетиштүү экенин айтышат. Ал эми башка бирөөлөр эркектин табышкер жагы менен жоопкерчилигин алдынкы орунга чыгарышат. 

Чыгыш Коннектикут университетинин окумуштуулары ушул темага байланыштуу изилдөө жүргүзүп көрүшкөн.  

Изилдөө жыйынтыгы көрсөткөндөй көпчүлүк кыз-келиндер мырзалардын сырткы келбетине көңул бөлүшөт экен. Ал эми жоопкерчилик, планын, акылын, мүнөзүн андан кийин гана сынап башташат.   

Сурамжылоого 80 аял катышкан. Ар бирине үч мырзанын сүрөтүн көрсөткөндө баардыгынын тандоосу сулуу, келишимдүү жигитке көңүлдөрү түшкөн.  

Ссылка: https://barometr.kg/content14481



Добавить комментарий