Ууру бетине бычак сайып кеткенине карабай, полиция күтүп отурат

15 мая 2018 16:58 14280 Barometr
Поделиться в:
ok
Кылмышкер кызды тоногонго тырышкан, бирок каршылык көрсөткөн кызга бычак алып чыгып коркуткан.
19-жаштагы дүйкөндүн кызматкери өзүнүн иш убактысы бүтүп, карангы жерден үйүн көздөй бет алган. Ал маалда кылмышкер кол салып, анын сумкасын тартып алмакчы болгон, бирок кыз каршылык көрсөткөндө, кылмышкер бетине бычак менен урган да кылмыш болгон жерден качып кеткен,”-деп кабарлайт “The Sun” маалымат булагы.
Окуя Малазиянын Пенанге аймагында болгон. Видеодо көрүнгөндөй оң көзүнүн алдында, бетине бычак сайылган кызды (атын маалымдоого тыюу салынган) көрүүгө болот. Ошол эле учурда жабыр тарткан ооруканага жеткенче кыз эс учун жоготпой отурганын көрө алабыз. 
 
Полиция кызматкерлери камераларга тартылып калган видеону жана кызды сураштырышып, кылмышкер чымыр денелүү болгонун билдирген.
"Кыз көкүрөк жана моюн тараптарынан жаракат алган. Кылмышкер бычактагандан кийин, анын оң бети катуу жабыркаган",- деп билдирет полиция кызматкери.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14472



Добавить комментарий