Кафеде отурган кишиден 100 миң сом уурдаган жигит кармалды

15 мая 2018 11:21 701 Barometr
Поделиться в:
ok

Апрель айында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Бишкектин тургуну арыз менен кайрылган. Ал кафеде отурган кезде белгисиз адамдар анын курткасынын чөнтөгүнөн 100 миң сом уурдап кетишкенин айткан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү делип учурда 32 жаштагы К.А. кармалып, камакка алынды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14451



Добавить комментарий