Петербург терактына шектелген 6 кишиге айыбы угузулду
Орусия Тергөө комитети 11-майда Петербург метросундагы теракт боюнча алты кишиге айып такты жана алгач ирет алардын ысымдарын атады. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.
Тергөө комитети тараткан маалыматка ылайык, Бахрам Эргашев, Ибрагимжон Эрматов жана Махамадюсуф Мирзаалимов террордук акт уюштуруу, жардыруучу затты мыйзамсыз алуу, сатуу жана сактоого айыпталышууда.
Кийинчерээк ушундай эле беренелер менен Сейфулла Хакимов, Аъзамжон Махмудов жана Дилмурод Муидиновго дагы күнөө тагылды.
Маалыматка караганда, теракт иши боюнча жалпысынан 10 фигурант бар, калгандарына дагы айыптары угузулары күтүлүүдө. Бул арада Орусия Федералдык коопсуздук кызматы 11-майда Москвада Эрматов аттуу дагы бир шектүү кишинин кармалганын билдирди.
3-апрелдеги жардыруудан мерт болгондор жанкечтини кошкондо 16 кишиге жетти. Ага шектелгендердин көбү борборазиялыктар экени кабарланган. Ал эми жанкечтинин өзү Кыргызстанда туулган Орусия жараны деп маалымдалган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Аль-Каида” менен байланышы бар, “Имам Шамилдин батальону” тобу өзүнө алган.
Ссылка: https://barometr.kg/content1442
Добавить комментарий ×