Жер титирөөдөн кийин тажикстандык кыргыздар жер которду
Лахш (Жерге-Тал) районунда эки аптадан бери жер титирөө уланып жатат. Буга байланыштуу Алга жамаатында жашаган үч үй-бүлө Кыргызстанга көчүп келишти. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Көчүп келгендердин Тажикстандагы үйлөрү жараксыз абалга келген. Лахштын жашоочулары акыркы күндөрү көчөдө түнөп жатканын айтышууда. 3-4-майда болгон катуу жер титирөөдөн Алга жана Лахш жамаатына караштуу беш кыштакта үйлөр талкаланган.
Алга жамаатынын төрагасы Давлат Маннонов Кыргызстанга көчкөндөр үйлөрүн корккондугу үчүн таштап кеткенин ырастады.
- Азыркы тапта ал жакка үч үй-бүлө жер которду. Паспорттук каттоодон расмий чыга элек. Артка кайтуу же калуу чечимин кабыл алыша элек, - деди Маннонов.
Лахштагы кыйраган үйлөрдүн так саны белгисиз. Бирок жашоочулардын айтымында алар онго жакын.
Лахш районундагы Алга жамаатынын көпчүлүк жашоочусун этникалык кыргыздар түзөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content1441
Добавить комментарий ×