Эс алып жүргөн чоң эненин башына кактус кулап көз жумду

14 мая 2018 12:34 838 Barometr
Поделиться в:
ok
Франциядагы Ле-Канне шаарынын тургунунун  үстүнө кактус кулап кайтыш болду. Бул тууралуу “lenta.ru” сайты кабарлайт.
Жергиликтүү “Le Parisien” сайты тараткан маалыматка таянсак, кайгылуу окуя Монакодо болгон. Анда 92 жаштагы чоң эне эс алууга келген. Көчөдө сейилдеп жүргөндө анын үстүнө чоң кактус кулаган. Ал дароо ооруканага жеткирилген.
Анын жанында 60 жаштагы карыя жана 50 жаштагы аял да болгон. Алар да жаракат алышып, артынан ооруканга барышкан.
Ал эми улгайган аялдын өлүмү тууралуу өзүнүн небереси “Facebook”ка жазган. Маалыматты коопсуздук кызматынын кызматкерлери тастыкташты.
Окуялан кийин тергөө иштери башталган. Азырынча кактустун кандай кулаганы белгисиз.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14397



Добавить комментарий