Аксыда болгон катуу шамал 35 үйдүн чатырын учуруп кетти

14 мая 2018 12:19 488 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад областынын Аксы районунда жекшемби жана ишемби күндөрү катуу шамал жана сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Кызыл-Туу, Кара-Суу жана Авлетим айыл округдарында секундасына 21-26 метрге жеткен катуу шамал катталды. Ошол эле убакта нөшөрлөгөн жамгыр жааган.

Жалпысынан алганда шамал 35 үйдүн 617 чарчы метрлик чатырын учуруп кетти, мындан тышкары 2 социалдык объектинин 20 шиферин учурган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14394



Добавить комментарий