“Жылдын мыкты мугалими-2017” сынагынын жеңүүчүсү автоунаага ээ болду

12 мая 2017 11:19 925 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 11-майда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында “Жылдын мыкты мугалими-2017” кароо-сынагынын финалдык туру болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы мугалимдер, окуучулар жана күйөрмандар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Салткка айланып келе жаткан кароо сынак чыгаан, чыгармачыл мугалимдердин демине дем, шыгына шык кошуп алдыга карай чоң стимулдарды жаратып келе жатат десем жанылышпайм. Анткени баарыбызга белгилүү болгондой өткөн  үч жыл ичинде жылдын мыкты мугалими кароо-сынагынын  шаардык, андан кийин  республикалык баскычтарындагы  женүүчүлөрүнө зор колдоо көрсөтүп Ош шаарынын мэриясы тарабынан автоунаа  берилди. Коомчулукка белгилүү болгондой Ош шаарында  көп жылдан бери мындай зор колдоо болгон эмес”,-деди А.Кадырбаев.

Сынактын жыйынтыгында баш байгени шаардагы Жетиген лицейинин 28 жаштагы химия мугалими Айжан Абдуватова утуп алды.  Ал 2011-жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келет.

Шаар мэри Айтамамат Кадырбаев жеңүүчүнү куттуктап баш байге болгон  “ДЭУ Матиз 3” үлгүсүндөгү  автоунаанын ачкычын тапшырды.

Ошондой эле, “Жылдын мыкты мектеби-2017” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, 1-орунду  “Олимп” мектеп гимназиясы ээледи. Ал эми 2-орунду №50 Нышанов, 3-орунду №7 Нариманов мектеп гимназиялары багындырды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1439



Добавить комментарий