Бишкектеги Байтик Баатыр жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишине сакура тигилди
Поделиться в:
Бишкек шаарындагы Байтик баатыр жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишине Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгына карата сакура көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Дарак отургузууга шаардыктар, Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков, Свердлов районунун администрация жетекчиси Самарбек Болотбеков, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ямамура Ёсихиро, JICA агенттигинин КРдеги өкүлү Кикучи Казухико катышты.
Скверге алты декоративдик көчөт отургузулганын мэриядан кошумчалашты.
Ссылка: https://barometr.kg/content1438
Добавить комментарий ×