Кол алышуунун жеке жашоого таасири бар экени аныкталды
АКШдагы Колумбия Университетинин окумуштуулары эркектердин колду катуу кысуусу аялдардын табышкер болушуна таасир берерин аныкташты. Изилдөө натыйжасы кол алышкан кезде колду катуу кысып саламдашкан эркектердин кыспагандарга караганда көбүнчө бойдок экенин көрсөткөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалардын жазганына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Окумуштуулардын айтуусу боюнча, аялдар кол алышуу учурунда колду каттуу кыскан эркектерди мыкты жана дени сак деп кабылдашкан.
Изилдөөгө 1923 жана 1948-жылдар аралыгында дүйнөгө келген 5 000 адам қатышкан. Бул кол алышууну караштырган биринчи изилдөө эмес.
Буга чейин окумуштуулар колду катуу кыскандардын жашы өткөн сайын акыл-оюу жана эске сактоо жөндөмүнүн жогору болоорун аныкташкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content14370
Добавить комментарий ×