68 жаштагы аял небереси менен бир кундө диплом алды

11 мая 2018 16:00 159 Barometr
Поделиться в:
ok
АКШда  68 жаштагы аял менен анын 22 жаштагы небереси бир күндө университети бүтүрүштү. Буга чейин чоң энеси менен небереси үй тапшырмасын чогу аткарып, экзаменди да бирге даярданып келишкен.
Өткөн жылдын май айында 68 жаштагы Тереза Лайлз бир кездери өзү таштап кеткен университетти бүтүрмөкчү болгон. Ал 1967-1970-жылдар аралыгында студент болуп, үчүнчү  курсты бүтүргөн. Ошондуктан, диплом алыш үчүн болгону 6 сабакка катышыш керек болгон. Бир кездери чоң энеси окуган университетте анын небереси Зури Лайлз окуп жаткан.
Май айынын башында экөө диплом алып, аны тапшыруу салтанатына туугандарын чакырган.

Ссылка: https://barometr.kg/content14319



Добавить комментарий