Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Кытайга барат

12 мая 2017 09:00 519 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Пекин шаарында 2017-жылдын 14-15-майында өтө турган “Бир алкак – бир жол” эл аралык Форумунун ишине катышуу үчүн Кытай Эл Республикасына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

 

Форумдун ишине катышуу учурунда ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевдин  Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу болжолдонууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1431



Добавить комментарий