Бишкекте териси сыйрылган тирүү ит табылды (абайлагыла, фото)

11 мая 2018 13:03 2417 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте тирүүлөй терилери сыйрылган иттерди таап жатышат. Бул тууралуу Kaktus.media булагы кабарлады.

Аталган маалыматка таянсак, Бишкекте жашаган, жаныбарларга камкордук кылган аял эки жумада териси сыйрылган эки итти табышканын, алардын бири өлгөнүн редакцияга маалымдаган.

 Аялдын айтымында иттерди Бишкектеги таштанды жайларынын жанынан таап жатышат. Алардын терисин тирүүлөй сыйрышкан. Дагы бир күчүктүн куйругун кесип салышкан.

 Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин Учкун кичи районунда үй-жайсыз итти таап алышып, ал зордукталды деп кабарлашкан. Бирок укук коргоо органдары бул тастыкталган жок деп маалымат берген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14307



Добавить комментарий