93 жаштагы ардагерди төшүндөгү орден-медалдары үчүн өлтүрүп кетишти

11 мая 2018 09:10 5388 Barometr
Поделиться в:
ok
Украинанын Одесса облосунун Белгород-Днестровск аймагынлагы Вольное айылынын 33 жаштагы тургуну мас абалында 93 жаштагы Улуу Ата Мекендик согушунун ардагерин уруп-соккон. Ал согуш ардагеринин костюмундагы медалдарды дарылануу үчүн күч колдонуп алып, өлтүрүп койгон.
Бул тууралуу “Life.ru” сайты билдирет.
Кайгылуу окуя 9-май күнү болду. 33 жаштагы жигит ардагердин үйүнө келип, экөө алкогольдук ичимдик ичкен. Ошондон кийин ал майдан ардагердин орденин дарыланууга алмакчы болгон. Бирок ардагер өзүнө тиешелүү төш белгини коргоону туура көргөн. Андан соң согуш ардагеринин үйүнөн чыккан чууну коңшусу угуп, жүгурүп келген. Ал ардагерге кол салган адамды кармоого тырышканы менен бирок аракети ийгиликсиз болгон.
Азыркы учурда аны Украинанын укук коргоо органдары колго түшүрдү. Ал эми өмүр бою эркиндигинен ажырады.
Эскерте кетсек, каза болгон ардагер Вольное айылындагы акыркы тирүү ардагер болгон.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14288



Добавить комментарий