Нурлан Омуркул уулу: 600 долларга кадимки кычкач алышкан
Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңеште депутат Рыскелди Момбековдун суранычы менен ТЭЦтин азыркы директору Андрей Воропаев Бишкек ТЭЦи үчүн 600 долларга сатылып алынган плоскогубцы-жабдуулардын топтомун көрсөттү.
Воропаев жабдуулардын топтомунда көмүр берүүчү транспорттук лента дагы бар экенин эки комплектинин суммасы 600 долларды түзө турганын айтты.
Андан кийин депутат өзүнүн кесиптеши Акылбек Жамангуловго кайрылып, чындап эле бул кычкачтар сатылып алынганбы деп сурады. Ал өз кезегинде “кычкачтарды жогорку трибунадан көрсөтүү уят”,-деп билдирди.
Андан соң Бишкек ТЭЦинин мурдагы башчысы Нурлан Омуркул уулу алар кадимки кычкачтарды сатып алышканын, бирок коомдук резонанстан кийин буларды жаңылап жана лента кошуп коюшканын айтты.
Депутат Дастан Бекешев аларды ким сатып алып ким алмаштырганына кызыкты.
Мурдагы башчы 30-августта ТЭЦтин ачылышына ошол кездеги президент келгенин андан кийин процедура боюнча жабууларды берүү башталмак. Аларды ТВЕА сатып алган, андан кийин ТЭЦ кабыл алган.
Ссылка: https://barometr.kg/content14282
Добавить комментарий ×