Селсаяк жээкке өзүнө сарай тургузуп алды (видео)
Бөлүшүү:
Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында селсаяк океандын жээгине өзүнө кумдан сарай тургузуп алып, ал жерде 22 жылдан бери жашап келет. Бул тууралуу “Quartz” маалымат булагы маалымдайт.
Үйү жок жүргөн Марцио Матолиас кумдан түрлүү формадагы сөлөкөттөрдү жасоо менен алектенип келген, кийин кудан сарай тургузган.
Кумдан тургузулган сарайдын бир бөлмөсүндө китепкана менен китеп дүкөнү орун алган. Ал адам бул аркылуу киреше табуу менен алек.
Эскерте кетсек, Рио-де-Жанейродо үйдү ижарага алуу өтө кымбат турат. Батирди ижара баасынын орточо өлчөмү өлкөдөгү орточо айлык акы көрсөткүчүнөн эки эсе жогору.
Ссылка: https://barometr.kg/content14264
Добавить комментарий ×