Батинкадагы тамак: Ашпозчу Япониянын премьер-министрин кемсинтти

10 мая 2018 13:50 880 Barometr
Поделиться в:
ok
Израиль премьер-министринин жеке ашпозчусу Япониянын өкмөт башчысын кемсинтти. Биньямин Нетаньяхунун резиденциясындагы кечки тамак учурунда жогорку бийликтеги конокторго сунушталган тамактардын бири металдан жасалган батинкага салып алып келинген.  Өз кезегинде ал чоң ызы-чуунун туулусуна себеп болду.
Бұл тууралуу “Jerusalem Post” басылмасы маалымдайт.
Япониялык элчилер түшүндүргөндөй, Японияда бут кийимден ашкан кир жана жийиркеничтүү зат жок. Өлкөнүн эли үйдө гана эмес, жумуш ордунда да бут кийимин чечип журөт.
Ал эми Токиодогулардын сөзү боюнча, болуп өткөн бул оңтойсуз окуя израилдиктер конокторго доңуз формасында жасалган идишке тамак алып келип берген менен барабар.
Кантсе да, Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ менен анын жубайы бул окуяга катыштуу пикир билдиришпеди.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14260



Добавить комментарий