Полиция кызматкеринин 3 жашар баласын кабылан жеп салган
Поделиться в:
Угандадагы Елизавета падыша айымдын улуттук багындагы кабылан полиция кызматкеринин 3 жашар баласын сүйрөп кетип, жеп салган. Бул тууралуу “The Independent” басылымасы билдирет.
Окуя 4-майда кечки маалда орун алган. Эдвард атту бала өзөндүн жээгиндеги аңчылардын үйүндө болгон. Ага кызматчы аял карап отурган экен.
Өкөнүн табиятты коргоо уюмунун төрагасы Башир Хангинин айтуусу боюнча, үйдөн чыгып бара жаткан кызматчы аял баланын аны эрчип чыкканын көрбөй калган. Ал баланын кыйкырган үнүн угуп, жардамга чуркаган. Бирок бул учурда өтө кеч болуп калган. Баланы сүйрөп кеткен кабылан жашынып калууга жетишкен.
Издөө иштери учурунда баланын баш сөөгү гана табылган. Баланын баш сөөгүн жерге берүү үчүн атасына берилген.
Эми бийлик балга чабуул жасаган жырткычты кармап, камап коюну көздөөдө.
«Ал адам этин жеп көргөндүктөн эми башка адамдарга да кол сала баштайт», – дейт Ханги.
Ссылка: https://barometr.kg/content14249
Добавить комментарий ×