Мед айым жаңы төрөлгөн 4 ымыркайды өлтүрмөк болгон

10 мая 2018 09:35 3566 Barometr
Поделиться в:
ok
“Рио-де-Жанейронун 41 жаштагы тургуну Симона Анжус дос Сантос жаңы төрөлгөн 4 наристени өлтурүүгө аракеттенгени үчүн кармалды. Жеке клиникада мед айым болуп кызмат аткарган аял интенсивдүү терапия бөлүмүндө наристелердин катетерлерин жулуп таштаган”,- деп кабарлайт “Daily Mail”.
 
Видео камерага түшүп калган кадрлардан мед айымдын наристе жаткан аппаратка келип, бир нерсени жулуп ьаштап жатканын так көрүүгө болот. Кийинчерээк, Симонанын кесиптеши ара төрөлгөн баланын катетери жулунуп жатканын көргөн.
Эки жума бою мед айым ушундайча дагы у наристеринин өмүрүнө коркунуч туудурган. Азыркы учурда наристелердин бардыгы аман-эсен.
 
Полиция камераларды текшерип чыгып, Симона Анжус дос Сантос адам өлтүрүгө аракетенгендүгү үчүн айыпталып, кармалды. Ал мед айым катары 10 жылдан ашык иштеген. Аны бул кылмышка баруусунун себеби азырынча тактала элек.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14242



Добавить комментарий