ТЭЦтеги авария: тизмеде Сапар Исаков менен Нурсулу Ахметова бар
Бишкек ТЭЦинде болгон авариянын себептерин иликтөө жана аны жаңылоодогу катачылыктар боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрү ишке ашпай калган модернизация жана Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишим түзүүгө жоопкер болгон тараптардын тизмесине мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун экс-башчысы Нурсулу Ахметованы кошту.
Комиссия мүчөлөрү Исаков менен Ахметова президенттик аппаратта бөлүм башчы болуп иштеп турушкан мезгил үчүн жооптуу деп эсептейт. Бул тууралуу комиссия мүчөлөрү Kaktus.media булагына кабарлашкан.
2013-жылы май айынын ортосунда президенттин аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова президенттин атына кат жазып ТЭЦти жаңылоо боюнча кандай жумуштар жүрүп жатканын кеңири баяндашкан.
Анда өздөрүнүн баа шарттарын айткан үч компания: СМЕС, ТВЕА жана "Интер РАО" менен маселе чечилип жатканы айтылат. Интер РАО - 518 млн доллар, ТВЕА - бааны арзандатуу мүмкүндүгү менен 390 млн долларды сунуштап жаткан белгиленет.
Комиссиянын маалыматына таянсак, ал кездеги тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун ТВЕА менен келишим түзүүнү сунуштаган каты бар.
Ошондой эле бүтүмдө ТВЕАнын чакыруусу менен Кытайга барган депутаттардын тизмеси да бар.
Документте ошол кездеги Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин да ысымы айтылды, ал өзүнүн орун басары Аскар Бешимовдун тескери бүтүм бергенине карабай ТЭЦти жаңылоо боюнча кытай тараптын келишимине кол койгон.
Бешимов өзүнүн бүтүмүндө “келишимдин айынан чарбалык мамилелер боюнча КРнын эгемендигине коркунуч келиши ыктымал” деп белгилеген.
Депутатттык комиссиянын даяр болгон бүтүмүн Башкы прокуратура менен УКМКга берүү күтүлүп жатат.
Буга чейин Сапар Исаковду ТЭЦтеги жаңылоо жана вария иштерине байланышуту УКМКга суракка чакырышкан.
26-январда катуу аяз болуп турган маалда Бишкек ТЭЦинде авария болгон. 18:00дө эски меш агрегенттарына суу бере турган жабдуу иштен чыккан. Түйүндөгү температура +84 градустан +62 градуска чейин азайтылган.
27-январда ТЭЦтин жетекчилиги авариянын болгонун расмий жарыялаган.
29-январда ТЭЦте жаңы авария катталган. Энергетиктер от казандарды ишке кошо алган эмес. 3-февралда гана шаар тургандарына жылуулук берүү калыбына келген.
Башкы прокуратура Бишкекти жылытуу боюнча жагдай тууралуу кылмыш ишин козгоп, бир катар чиновниктер кармалды.
Азыр Бишкек ТЭЦин Омуркул уулу Нурландын ордуна Андрей Воропаев жетектеп жатат. Омуркул уулу тергөө маалында жетекчилик иштен четтетилген.
Ссылка: https://barometr.kg/content14228
Добавить комментарий ×