Австралияда кенгуру аңчыны бир уруп жаагын сындырды
Поделиться в:
Австралиялык жигит кенгуруга аңчылыкка чыгамын деп, жаағын сындырып таяк жеди. 19 жаштагы Джошуа Хайден агасы менен бирге унаага отуруп Австралиянын батышындагы Келлерберриндин жанынан кенгуруга ңчылык кылмак болгон.
Хайдендин айтуусу боюнча, ал унаанын терезесинен башын чыгарып, жаныбарды атып өлтүргүсү келген. Ошол учурда кенгуру жок болуп кеткен. Ал эми аңчы жигит калган экөөнү мээлеп турганда, үчүнчүсү келип унаадагыларга чабуул жасаган. Кенгурунун күчү ушунчалык, керек болсо унаанын алдынкы айнегин сындырып Хайденди нокаут менен кулаткан.
«Окуя көздү ачып жумганча болуп кетти. Унаанын айнегин сындырып, андан кийин артка секирип мени уруп баштады»,-дейт жигит.
Катуу соккудан Хайден эсинен танып калган. Жигит өзүнө келгенде дароо ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын бети катуу шишип кеткенин айтышты. Ошону менен бирге кенгуру жасаган жаракатты операция кылууга болбойт. Жигиттин бетиндеги шишик тараганча он чакты күн күтө турууга тура келет.
Ссылка: https://barometr.kg/content14226
Добавить комментарий ×