Дүйнө жүзү кутула албай жаткан таштандыны Швеция эмнеге сатып алат?

8 мая 2018 14:55 3545 Barometr
Поделиться в:
ok
Дүйнө элдеринин баш оорусуна айланган таштанды маселесин чечкен өлкөлөрдүн бири – Швеция. Бул өлкөдө таштанды каатчылыгы орун алууда. Дүйнөдө миллиондогон тонна таштандыдан арыла албай отурганда аталган өлкө таштандыдан энергия өндурөт.
Бул өлкөдө таштанды өндүрүүчү 32 завод бар. Таштандыдан алынган энергия менен өлкөнү жылуу менен жана электр энергиясы менен камсыз кылып жатат. Тактап айтканда, 810 миң үйдү жылууулук менен, 250 миң үйдү электр энергиясы менен камсыз кылып жатат. Таштандынын жарымы экинчи жолу өндүрүүгө жөнөтүлөт, таштанды өндүргөн заводдор жумуш иштөө үчүн ушундан бир нече жыл мурун чийки заттын жоктугуна кептелген.
Ошондон баштап, коңшу өлкөлөрдөн таштанды сатып ала башташкан. Мисалы, 2014-жылы сырттан 800 тонна таштанды алып келинген. Өртөлгөн таштандынын гүлү курчаган айлана менен экологияға тийгизген зыяны аз деп эсептешет. Бирок, шведтер таштандынын бардыгын өртөгөндөн пайда болгон 15 пайыз күлдүн өзүн керекке жаратышат. Тактап айтканда, күлдү кайра өндүрүүгө жанатышат.
Андан алынган калдыкты жол курулушу үчүн колдонушат. Ошондо таштандыдан болгону 1 пайыз гана калдык калат. Таштандыны өртөгөндөн пайда болгон түтүндүн 99,9 пайызы уулу эмес, аны кургак сүзгү менен суудан өткөрүп алышат. Сүзгүдөгү шлакты казалыган шахталарды толтурууга пайдаланышат. Ошол себептен, дүйнө боюнча, Швеция экологиясы эң таза өлкө аталат. Ушундан 20-30 жыл мурун турмуштук калдыктар менен курчаган айлананын киринен кутулуунун жолун издөөгө үндөгөн эле. 

Ссылка: https://barometr.kg/content14219



Добавить комментарий