Кыргыз-түрк достук ооруканасы жакында колдонууга берилет
Бишкекте курулуп бүткөн кыргыз-түрк ооруканасы колдонууга берүүгө даяр. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору кабарлады.
Министр Космосбек Чолпонбаев ооруканага барып Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгынын Бишкектеги мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушту.
“Бүгүн келишим тексти талкууланат. Документ ратификациядан өтүшү керек. Тараптар жакын арада документтик толук бүткөн варинатына кол коебуз деген ниеттерин билдиришүүдө”,-деп кабарлашты Саламаттыкты сактоо министрлигинен.
Эскерте кетсек, бул оорукананы Түркия Кыргызстандын элине белек катары курган. Аны 2017-жылдын 31-августуна чейин куруп бүтүп, колдонууга берүүнү пландашкан.Бирок азырынча ишке кире элек.
Ссылка: https://barometr.kg/content14205
Добавить комментарий ×