Комада жаткан бала органын аларда ойгонду (фото)

8 мая 2018 11:59 2213 Barometr
Поделиться в:
ok
Эки ай мурун Албама штатында 13 жаштагы Трентон Маккинли жол кырсыгынын кесепетинен оор жаракат алган. Комада жаткан бала ата-энеси органдарын алууга уруксат бергенде эсине келди. Бул тууралуу “CBS” басылмасы жазып чыкты.
Эки ай мурун бала отурган унаа одарылып калган. Анын кесепетинен Трентондун баш сөөгү жети жерден сынган. Ал эми дарыгерлер  баланын мындай жаракаттан кийин тирүү калбарын айтышкан.
Бул убакка чейин бала дарыланган. Ата-энеси баланын айыгып кетеринен үмүт үзүшкөн эмес, аларга донорлук уюмдун өкүлү келип, Трентондун оор дартка чалдыккан 5 баланын өмүрүн куткара аларын айтышкан. Баланын ата-энеси анын органын  алууга уруксат берген.
«Биз макул болдук. Себеби алар Трентонду жасалма дем алдыруу аппаратынан өчүрбөрүн айтышты. Себеби донорлук трансплантация алдында органдарын тазалап алуу керек», – деди баланын ата-энеси.
Бирок тийиштүү процедуралардын аякталуусуна бир күн калганда Трентон өзүнө келе баштаган. Эми ал акырындап айыгып келе жатат. Дарыгерлер анын баш сөөгүнө операция жасоону пландап жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/content14204



Добавить комментарий