Москвада 15 жаштагы кыргызстандык кыз үйүндө төрөдү

8 мая 2018 11:50 1099 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвада1 5 жаштагы кыргызстандык кыз квартирада төрөдү. Бул тууралуу "Москва" жаңылыктар агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме кылуу менен кабарлады.

Жашы жете элек кыз Москванын түштүк-батышында үйдөн төрөгөндөн кийин ооруканага жеткирилген.

"Кыз төрөт үйүндө каттоого турган эмес. Баласы ара төрөлүп чарчап калган”,-деп билдиришкен полиция кызматкерлери агенттикке. 

Кызды ооруканага, ал эми өлүү төрөлгөн ымыркайдын сөөгүн моргго жөнөтүштү.

Учурда бул окуя иликтенүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content14201



Добавить комментарий