Милиция аялдын сөөгүн таанууга көмөк сурайт (абайлагыла, фото)

8 мая 2018 11:22 5587 Barometr
Поделиться в:
ok

 Милиция Бишкекте табылган аялдын сөөгүн таанууга көмөк суроодо. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

18-апрелде Ак-Муз көчөсүндө азиат түспөлүндөгү, жашы 30-35тер чамасындагы аялдын сөөгү табылган.

Белгилери: бою 160-165 см, дене түзүлүшү орточо, чачы кара узун,  көздөрү күрөң, бети сүйрү кара тору, мурду кырдач.

Adidas деген жазуусу бар кызыл түстүү толстовка, кара түстүү футболка, кара лосина кийип жүргөн. Бутунда ак кроссовка болгон.

Өзгөчө белгилери үстүнкү тишинде сары металдан салынган төрт тиши бар.

Аял тууралуу маалымат билгендер болсо Биринчи май райондук милициясына 0 312 544 184, 0 550 102 486, 0 500 102 486 телефондоруна байланышууну өтүнүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/content14197



Добавить комментарий