Дүйнөдөгү алп акула адамдар менен бирге сүзүүдө (видео)

7 мая 2018 17:47 713 Barometr
Поделиться в:
ok
Мексиканын Түштүк Калифорния штатында алп акуланын адамдар менен бирге сууда сүзүп жүргөн маалын видеого тартып алышкан.
Роликтин автору 28 жаштагы Тарсицио Саньюдо Суарес алп балыкты дрондун жардамы менен видеого тарткан.
«Кит түрүндөгү акулалар адамдарга зыян тийгизишпейт. Ошондуктан алар менен бирге сүзүп, суу астында камерага тарттым», – дейт ал.
Кит түрүндөгү акулалар азыркы убактагы эң алп балыктар болуп саналат. Узундугу 12,5 метр. Планктондор менен азыктанышат. Кыш айларында Ла-Пас шаарына жакындап келип, жаз келгенде ошол жерди мекендешет.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14181



Добавить комментарий