Сооронбай Жээнбеков “Саякбай” тасмасын көрүүгө барды

7 мая 2018 14:42 734 Barometr
Поделиться в:
ok

5-майда Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында президент Сооронбай Жээнбеков үчүн "Саякбай" тарыхый тасмасын атайын көрсөтүү уюштурулду. Бул тууралуу режиссер Эрнест Абдыжапаров жергиликтүү маалымат агенттигине билдирди.  

"Саякбай" тасмасын бир нече жыл тартышкан жана өткөн жылдын сентябрь айында анын бет ачары болгон. Тасмадан эки улуу инсанды - жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана  манасчы Саякбай Каралаевди көрүүгө болот.    

“5-майда кино көрсөтүлдү. Президент келгендер менен учурашып фильмди көрүп кетти. Баары протоколго ылайык өткөрүлдү, ошондуктан талкуу болгон жок, бирок мен тасма президентке жакты го деген ойдомун”,-деп билдирди режиссер.

Аталган тасманын автору жана режиссеру Эрнест Абдыжапаров. Башкы ролдорду Марат Жантелиев, Эльдар Айтматовдор аткарышкан.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14170



Добавить комментарий