Эркектердин ден-соолугуна өзгөчө пайдалуу суусундук
Шотландияда окумуштуулар изилдөө жүргүзүшүп, эркектердин ден-соолугуна өззгөчө пайдалуу суусундукту аныкташты. Окумуштуулар жүргүзгөн изилдөөгө 58 адам катышкан. Катышуучулардын жашы 21-64 курак аралыгында болгон.
Изилдөө учурунда алар эки жума бою анар ширесин ичишкен. Белгилүү болгондой, анар ширеси эркектердин организмдеги тестостерон өлчөмүн көбөйтөт экен.
Ошону менен бирге сексуалдык активдүүлүгүн артырып, уйкунун сапатын жакшыртып, стресстен арылтат.
Изилдөө учурунда кээ бир катышуучулардын организминдеги тестостерон гормонунун өлчөмү 16 пайыз болгон. Бирок изилдөө аяктагандан кийин алар кайра текшерилип, бул көрсөткүч эки эсе көбөйгөнү байкалган.
Ссылка: https://barometr.kg/content14166
Добавить комментарий ×