23 жаштагы адам оорунун кесепетинен бала бойдон калып калган (фото)

7 мая 2018 11:15 1581 Barometr
Поделиться в:
ok
Индиянын 23 жаштагы тургуну Манприт Сингха салмагы 5 киллограм болгон баланын денесинде  «калып калган». Ал сүйлөп, өз алдынча баса албайт. Бул тууралуу “The Sun”  басылмасы билдирет.
Азыркы убакта Манпритти агасы менен тай эжеси багып жатат. Алар инисин жакшы көрүшөт жана бардык жерге бирге алып жүрүшөт.
Манприт 1995 жылы төрөлгөн. Бирок сүйлөп, баса албагандыктан өспөй калган экен. Дарыгерлер баланын атасына анын жакында жакшы болуп, өсө баштаарын айтышкан. Бирок, өкүнүчкө карай, ал ошол калыбында калып калды.
Жергиликтүү оорукана дарыгерлери баланын мындай абалга туш болушунун себеби гормондордун жетишсиздигинен улам келип чыккан дешүүдө. Бирок мындай абалга эмнеден улам таасир бергенин аныкташ үчүн, кымбат каражаттын жардамы менен текшерүү керек. Кээ бир окумуштуулардын айтуусу боюнча, Манприт сейрек кездешкен гентикалык оору “Ларон” синдрому менен төрөлгөн.
Ошентсе да, Манприт бул кемчиликке карабастан, туугандары менен айыл тургундарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жашап келет.

Ссылка: https://barometr.kg/content14145



Добавить комментарий