104 жаштагы окумуштуу өлүш үчүн Швейцарияга жол артты

7 мая 2018 09:10 2071 Barometr
Поделиться в:
ok
Австралиялык 104 жаштагы окумуштуу Дэвид Гудолл үйү менен коштошуп, өмүрү менен кош айтышуу үчүн окумуштуу  башка өлкөгө жол артты. Белгилүү эколог менен ботаниктин эч кандай дарты жок, болгону өз ажалынан мурда өлгүсү келет. Ал бара-бара жакындарына көз каранды болуп калудан коркот. Бул тууралуу “BBC” маалымат булагы кабарлады.
“Ушунча жашка жеткеним өкүнүчтүү”, – деди Гудолл австралиялык телерадио компаниясына берген маегинде.
“Мен бактылуу эмесмин, өлгүм келет. Ал ошончолук кыйын эмес, бирок адамдар менин өлүүмө мүмкүнчүлүк бербей жатышат”, – дейт окумуштуулар.
Суицид Австралиянын бир гана штатында уруксат берилген. Ал адам айыкпас дартка кабылган кезде гана. 
Азыркы учурда Швейцариядагы атайы клиникалардын бири Гудолланы күтүп жатышат. Бирок карыя өлүш үчүн туулган жерин таштап кеткенине өкүнөт.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14142



Добавить комментарий