Дин ишмери Абдышүкүр Нарматовдун уулуна ок атышты

7 мая 2018 08:13 2055 Barometr
Поделиться в:
ok

Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө кирген уурулар 21 жаштагы уулуна ок атып, жарадар кылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган маалыматка таянсак, 3-майдан 4-майга караган түнү таңга маал уурулар дин ишмеринин Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы үйүнө келишип, короодо токтоп турган Тойота Камри унаасын талкалап, унаадан 8 миң сом акчасын жана документтерин уурдашкан.  

Каракчылар үйгө кирүүгө аракет кылып жаткан маалда үй ээлери ойгонуп кеткен. 1997-жылы туулган А.И. аттуу уулу  эки белгисиз адамды көрүп кармоого аракет кылган. Алардын бири 2-3 ирет тапанчадан ок чыгарып жигит жаракат алган. Учурда ал ооруканада, абалы жакшы.  

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (“уурулук”) жана 168-беренеси ("карактоо") беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда шектүүлөрдү издөө жана тергөө иштери уланууда.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14141



Добавить комментарий