Өзбекстанда Каримовдун мыкты сүрөтү үчүн сынак жарыяланды

11 мая 2017 13:40 335 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстан Сүрөт академиясы өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун эң мыкты сүрөтүнө сынак жарыялады. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Академиянын сайтындагы маалыматтарга караганда, сынакка адискөй сүрөтчүлөр, графика менен иштегендер катыша алышат, чыгарманын көлөмүнө чектөө жок. Сынак 31-августка чейин уланат. Жеңүүчүлөргө Өзбекстан Сүрөт академиясынын атынан сыйлыктар тапшырылат.

 

Буга чейин маркум президент Ислам Каримовдун эң мыкты айкелин жаратуучуларга дагы сынак жарыяланып, Ильхом Жаббаров жеңүүчү болгон. Каримовдун тушунда куугунтукка алынган скульпторго Ташкент, Самарканд жана Карши шаарында Каримовдун эстелигин тургузуу вазыйпасы жүктөлгөн.

​ 

Ссылка: https://barometr.kg/content1414



Добавить комментарий