Фермерлер 8 миллион жыл мурун жашаган пилдин сөөгүн табышты
Поделиться в:
Фермерлер талаа иштери учурунда Борбордук Македониядан пилдин сөөгүнүн калдыктарын таап алышты. Бул тууралуу “Daily Mail” маалыдады.
Сөөк калдыктары табылган жерде археологиялык казуу иштерин жүргүзүү үчүн Македониянын жаратылыш тануу музейинин окумущтуулары менен Болгариянын чыныгы окуялар музейинин палеонтологтору чакыртылды.

Окумуштуулар табылган сөөк калдыктары бул жерде сегиз миллион жыл мурун өмүр сүргөн жаныбарга тиешелүү экенин аныкташты. Табылган калдыктардын пилдин кайсы түрүнө кирери азырынча белгисиз. Бирок болжол менен сөөктөр азыркы пилдин ата-бабаларынын бирине тиешелүү.

Алгачкы изилдөөдө палеонтологтор пил өлөр алдында 50 жашта болушу мүмкүң дешет. Ошондой эле, алар анын салмагы болжол менен 10 тонна болгонун аныктай алышты.

Ссылка: https://barometr.kg/content14136
Добавить комментарий ×