8-класстын окуучусу көз жарды, 23 жаштагы жигит айыпталууда
Поделиться в:
Таласта окуучу кыз төрөгөн, бул факты боюнча 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Талас областтык ички иштер башкармалыгына кыздын апасы арыз менен кайрылган.
Талас областтык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш кодексинин 132-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Иликтөө иштеринин натыйжасында 1995-жылы туулган жигит кармалды. Учурда ал камакка алынды.
Буга чейин белгилүү болгондой, Талас шаарынын № 5 мектебинин 15 жаштагы окуучусу кыз төрөгөн. Ал ай күнү жетип көз жарган. Баласынын ден-соолугу жакшы экенин дарыгерлер маалымдашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content14123
Добавить комментарий ×