Ошто унаа адамды сүзүп, ал ыргып кеткенде экинчи унаа тебеледи
Поделиться в:
Ошто эки унаа бир адамды катары менен тебелетип жана эки айдоочу тең кырсык болгон жерден качып кетишкен. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Аталган маалыматка таянсак, окуя 3-майда саат 23:00дөр чамасында болгон.
“Эркек киши туура эмес жерден өтүп бара жаткан, бул учурда аны Nissan Primera унаасы койдуруп кеткен. Ал бир нече метрге ыргып кеткенде экинчи унаа - Honda Fit тебелет кеткен. Эркек киши окуя болгон жерде каза тапты. Бир айдоочу кармалды¸ экинчиси издөөдө”,-деп кабарлашты милициядан.
Ссылка: https://barometr.kg/content14101
Добавить комментарий ×