Кара-Сууда 10 үйдү суу каптады, 2 даараткана кыйрады

4 мая 2018 13:44 1126 Barometr
Поделиться в:
ok
Ош областынын Кара-Суу районунда каналдын суусу ташып кетип 10 турак жайды суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты. 4-майда таңы саат 4тө Октябрь айылындагы Коңурат каналында суу көбөйүп кетип 10 турак жайды каптаган. Анын ичинде төрт үйдүн жер төлөсүнө суу кирип, эки даараткана жараксыз абалга келди. 4-майда ӨКМнын куткаруучулары барып сууну агызып беришти.

Ссылка: https://barometr.kg/content14084



Добавить комментарий