Бишкекте 5 жаштагы бала 3 тонна унааны 34 метрге сүйрөдү (видео)
Поделиться в:
Бишкекте Кыргызстанга белгилүү балбан Ташчайнар өзүнүн Нуркыргыз деген шакиртинин өнөрүн көргөздү.
5 жаштагы бала салмагы 3 тоннага жакын болгон «Митцубиси» унаасын аркан менен 34 метр жерге чейин сүйрөп барып элди таң калтырды. Ошол эле маалда Нуркыргыздын өзүнүн салмагы 21 килограммды түзөт.
Ташчайнардын айтымында, бул күнгө Нуркыргыз алты ай даярданган. Максаты-дүйнөлүк рекорд коюу.
Ошол эле учурда баланын ата-энеси аны көрсөткүсү келбегендиктен Нуркыргыздын бетине маска тагып коюшканын кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/content14078
Добавить комментарий ×