Бет терисинин түсү эки башка болгон эгиздер тууралуу

4 мая 2018 09:24 1794 Barometr
Поделиться в:
ok
Люси жана Мария Аймер — эки расадан турган эгиздер 1997-жылы 16-январда Англияда төрөлүшкөн.
Мария жана Люси – бир жумурткадагы эгиздер эмес, ошого байланыштуу бирдей генде бөлүшпайт. Алардын ачык-күрөң түстөгү эки агасы Джордан жана Джордж, ошондой эле Чинна аттуу сиңдиси бар.
Кыздардын ата-энеси Винс жана Донна төртүнчү баласын дүйнөгө алып келүүгө даярданып жатышканда аларга эгиз болоорун кабарлашкан. Бирок тилекке каршы жубайлар кийин ажырашып кетишкен. Ошого карабастан алар балдарына бирге тарбия берип келишет.
 
Винс — ак жумал болсо, ал эми Донна жарымы ямайка. Жубайлар эки бала тең метис болуп төрөлөт деп күтүшкөн. Бирок алар эки башка түстө төрөлүшкөн.
7 жашынан баштап кыздар энесин окшош кийинтпөөсүн суранышкан. Азыркы учурда кичинекей кыздар бой жетип суйкайган сулууларга айланышкан. Мүнөздөрү да эки башка:  Люси өзүн рок-кыз деп атасы, ал эми Мария жашоодо консервативдүү көз карашты карманат. Мария биринчи болуп сөз баштагандан коркпойт, ал эми Люси тескерисинче интроверт.
 
Дарыгерлердин түшүндүрмөсү боюнча, кокустукка байланыштуу эгиздердин бири башкасына караганда атасынын же энесинин ДНКсы көбүрөөк болушу мүмкун. ДНКнын  бул бөлүгү теринин же болбосо көздүн түсүн аныктайт. Бирок Мери менен Люсинин окуясы сыяктуу учурлар өтө сейрек кездешет.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14064



Добавить комментарий