Бишкектик жигит 75 миң сомго чачын тегиздетти

4 мая 2018 08:22 7075 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык түйүндөрдө бишкектик жигиттин "Король Black Сакал" барбершобуна төлөгөн чегинин суммасы талкууга алынып жатат. Бул сүрөттү блогер Майкл Бекмамбетов соцтармакка жүктөгөн.

Блогер маалымдагандай, жигит VIP-опция үчүн ушул сумманы төлөп берген. Анын ичине чач тегиздетүү, эс алдыруучу массаж, маникюр жана педикюр, биокүмүш менен бетке жасалган маска, парафинотерапия жана алтын чаңы менен ысык восктон жасалган маска кирет.

 “Кардарга унаасы менен айдоочу, жеке официант жана Бишкектин ресторандарынын бирине жеткирүү кызматы да көрсөтүлгөн”,-деп жазат Майкл Бекмамбетов.

Барбершоптор Бишкекте бир аз мурда ачыла баштады. Бул эркектер бара турган сулуулук салону.

Ссылка: https://barometr.kg/content14061



Добавить комментарий