Кыргызстандыктар чет элдик онлайн дүкөндөрдөн 76 тонна товар алышкан
Поделиться в:
Кыргызстанда чет элден жиберилген товарлардын көлөмү өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы маалымдады. Анын себеби кыргызстандыктардын онлайн-дүкөндөрдөн көп товар алып жатышына байланыштуу болууда. Көп товар келген өлкөлөрдүн катарына Россия, Кытай, АКШ жана Германия кирет.
2017-жылы Кыргызстанга 170 миң 432 майда товар келген, бул мурдагы жылга салыштырганда 60 миң 131 товарга көптүк кылат.
"Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы чет элден жиберилген товарлардын жалпы салмагы 70 тоннаны түзгөнүн маалымдады.
Ссылка: https://barometr.kg/content14032
Добавить комментарий ×