«Хонда Степвагон» даракты сүзүп эки кыз, бир жигит көз жумду
Поделиться в:
Бишкек-Ош жолунда болгон кырсыкта «Хонда Степвагон» унаасы эки ирет даракты сүзүп, 3 адам каза тапты.
Жол кырсыгы 3-майда болжол менен саат 06:30да Кудук-Сай айылынан анча алыс эмес жерде болгон.
Кырсыктан улам 3 адам: 23-24 жаш курактагы 2 кыз жана бир жигит каза тапты.
Айдоочу Кара-Көл шаары тарапка бара жаткан.
Каза тапкандардан тышкары эки адам жабыркап, Таш-Көмүр шаардык ооруканага жеткирилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content14018
Добавить комментарий ×