“WhatsApp”тын негиздөөчүлөрүнүн бири компаниядан кетти

3 мая 2018 09:34 947 Barometr
Поделиться в:
ok
“WhatsApp” мессенджеринин негиздөөчүлөрүнүн бири, компаниянын башкы директору Ян Кум кызматынан кетти. Бул тууралуу “news.rambler.ru” сайты маалымдайт.
«Брайан Эктон экөөбүз “WhatsApp”-ты ишке кошконубузга он жылдай убакыт өттү. Меага ар карай кыймылдоочу убакыт келди. Адамдарды “WhatsApp”сыз элестетүү кыйын. Жана ушундай убакытта кетип баратам. Азыркы команда мурункуга караганда алдакайда мыкты жана алар элди таң калтырган нерселерди жасай беришет», - деп жазат Ян Кум “Facebook” баракчасына.
Ал сүйүктүү иши менен алектенүү үчүн бизнестен убактылуу алыстарын жана бул компанияда иштебесе да “WhatsApp” мессенджерин ар дайым колдоп турарын айтты.
Эскерте кетсек, “WhatsApp” мессенджері 2009-жылы түзүлгөн. Азыркы убакта анын колдонучуларынын саны миллиарддан ашат.
 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14011



Добавить комментарий