Алгачкы жана акыркы ирет мыйзамдагы ууру таажысын кийген аял (фото)

2 мая 2018 22:52 1919 Barometr
Поделиться в:
ok

Криминалдык дүйнө мыйзамдагы уурунун катуу бийлигинин негизинде кармалат. Ырайымсыз иерархия аялдарды бул түзүлүшкө киргизбейт. Бирок өткөн кылымда Россияда бир аял кримтөбөлдүккө жетише алган. Аглая Демидова мыйзамдагы ууру таажысын кийген алгачкы жана акыркы аял.  

 Аглая бала кезинен тартып эле колу туткак болгон. Бой жеткенден тартып соттолуп, абакта жүргөн, жашы жетелектердин түрмөсүнөн дароо эле чоңдордун абагына которулган, андан кийин эки ирет түрмөгө отуруп чыккан, соңунда катуу режимдеги колонияга камалган.  

 Акыркы ирет аял чөктөктөн акча уурдап кармалып 10 жылга катуу режимдеги абакка кесилген. Колониядан аялдарды сабап отуруп айланасына блатнойлордун бандасын топтогон.  

Эркиндиктеги крим дүйнө аялды мыйзамдагы ууру деп тааныган. Крим авторитет болуп турган маалда Аглая абактын медициналык бөлүгүнүн башчысы, доктор Залевскийди торуна түшүргөн. Сүйүүдөн башы айланган доктор ага "ооруйт" деген жасалма документ берген. Ага өчөшүп жүргөн Верка Корма деген аял бул ишти түрмөнүн башчысына жеткирген. Кача албай калган Аглая түрмөгө кайтып келген.

Крим дүйнөдө эркиндикте жүргөн мыйзамдагы уурулар бул окуя тууралуу билип, “кызылдар” менен байланышкан үчүн аны өлтүрүү чечимин кабыл алышкан. Аялды өлтүрүү ишин  ошол эле Веркага тапшырышкан. Аглая кармашып бир сокку менен Верканы бычактап салган. Баракка кирип келген күзөтчү аялдын башын дубалга сүздүрүп өлтүргөн. Советтик бийликтин мыйзамы боюнча аял атууга кетмек. Бирок ал конвоирди дагы азгырып, колунан автоматын тартып алып атып салган. Москвага эптеп жетип мыйзамдагы ууру, бир кездеги көңүлдөшү Жигандан жардам сурап кайырылган. Аялдын ага чейинки кылыктарын уккан Жиган аны өз колу менен мууздап салган. Ошентип аялдын кайгылуу жана катаал тагдыры аяктаган.

Ссылка: https://barometr.kg/content13999



Добавить комментарий