Фура сүзүп, андан соң «Хонда Степвагон» сөөктү сүйрөп кеткен
Поделиться в:
Бишкек-Ош жолунда 1-майда жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.
Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарында Токтобек-Сай айылынын 1950-жылы туулган жашоочусун жүк унаасы сүзүп кеткен. Айдоочу качып кетүүгө үлгүргөн.
Адегенде эркек кишини жүк унаасы сүзгөн, андан соң Базыл-Ата айылынын тургуну “Хонда Степвагон” унаасынын айдоочусу Э. С. сөөктү 16 метр жерге чейин сүйрөтүп кетип жол боюна токтогон. Тосмо операциясынан кийин «Volvo FH» унаасынын качып кеткен айдоочусу кармалды.
Учурда кылмыш иши козголуп иликтөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/content13995
Добавить комментарий ×