Караколдо жаңы төрөлгөн төрт ымыркайды майып кылып салышты
Поделиться в:
Ысык-Көл областынын прокуратурасы Караколдун төрөт үйүндө төрөлгөн төрт ымыркайга остеомиелит оорусун жугузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Төрөттөн кийин төрт ымыркайда остеомиелит дарты аныкталган.
Остеомиелит - сөөктүн баардык элементтерине таасир бере турган ириңдетүүчү сезгендирүүчү процесс.
Дарыгерлер ооруга убагында диагноз кое алышкан эмес, мунун кесептинен балдар майып болуп калган.
Азыркы учурда Караколдогу төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн дагы канча балага бул инфекция жукканы тууралуу фактылар иликтенүүдө.
Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/content13994
Добавить комментарий ×