Тепши капчыгайында жаш аялдын сөөгү табылды

11 мая 2017 12:22 451 Barometr
Поделиться в:
ok

 Жайыл районунун Тепши капчыгайында 8-майда аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.   

20-30  жаштар чамасындагы азият улутундагы аял кызыл спорттук күрмө, көк джинсы кийип жүргөн. Оң колунун аты жогунда «З» тамгасы түрүндөгү күмүш шакек тагылган.

Басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аялдын сөөгү чирип бара жаткандыктан милиция кеңири маалымат бере албайт.

Буга байланыштуу Чүй областынын Москва районунун ички иштер бөлүмү каза тапкан аялдын сөөгүн таанууга көмөк берүүнү өтүндү. Аял тууралуу билгендер болсо Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө (03131) 52131, (0312) 60-77-27, (0555) 14-82-82 телефондоруна байланышса болот.

  

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1399



Добавить комментарий