УКМК: Аскарбек Шадиев чек арадан өткөн жок
Поделиться в:
Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев мамлекеттик чек араны кесип өткөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эскерте кетсек, бүгүн айрым ЖМКлар депутат Аскарбек Шадиевдин жардамчысы Айбек Эрмековго шилтеме кылуу менен депутат операция жасатуу үчүн өлкө чегинен тышкары чыгып кеткенин маалымдашкан.
Учурда УКМК Шадиевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ишти иликтеп жатат. Ага кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Шадиев мамлекетке 2 млн 61 миң сомдук зыян келтирген деп айыпталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content13981
Добавить комментарий ×